Бүгүн, 8-июнда
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети кыргыз жеринде кылмыш кылып, Араб Эмираттарында качып жүргөн кылмышкерлерди
экстрадициялоо боюнча келишимдерди жактырды. Эми бул документтер Жогорку Кеңеште талкууланып, ратификацияланмакчы.Айта кетсек, Бириккен Араб Эмираттары менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы "Чыгарып берүү жөнүндө", "Кылмыш иштери боюнча укуктук жардам берүү жөнүндө" келишимдерге 2014-жылдын 7-декабрында Дубай шаарында кол коюлган. Бул келишимдерди буга чейин Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитети жактырган.