Бүгүн, 8-июнда өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Бусурманкул Табалдиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Табалдиев мамлекет башчыга учурдагы коомдук-саясий кырдаал, улуттук коопсуздукту камсыздоо, терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.