Өлкөдө 10 майып адамга 1 социалдык кызматкер туура келет. Бул тууралуу бүгүн, 8-июнда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарынын абалына арналган республикалык тегерек столдун жүрүшүндө КРнын Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди. Анын айтымында, эл аралык нормага ылайык, 1 майып адамга 1 социалдык кызматкер туура келиши керек.
“Бүгүнкү күндө социалдык кызматкердин айлык акысы 7-8 миң сомду түзөт. Албетте, бул каражатка базар экономикасынын абалы менен татыктуу жашоо өтө кыйын. Социалдык кызматкерлердин жумушу да оор келет, мындай жумушту жароокер адамдар гана аткара алышат”,- деди министр.