Бүгүн, 8-июнда өкмөт башчы Темир Сариев расмий сапар менен Тажикстанга жөнөп кетти. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Сариев сапар алкагында Дүйшөмбү шаарында өтчү “Жашоо үчүн суу” аталышындагы эл аралык долбоордун 10 жылдыгына арналган жогорку деңгээлдеги конференцияга катышат.
Муну менен катар Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, премьер-министр Кохир Расулзода жана Олий Мажлистин төрагасы Шүкүржон Зухуров менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.