Бүгүн, 8-июнда премьер-министр Темир Сариев Тажикстанга расмий иш сапары менен барды. Өкмөттүн маалымат бөлүмү Дүйшөмбү шаарында Темир Сариевди Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алганын билдирди.
Мындан соң Сариев “Тажикстандын улуттук кайра жаралуусу жана ынтымак” мемориалдык комплексиндеги Иcмоили Сомонинин эстелигине гүл коюу аземине катышты.
Сариев Тажик Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон жана Олий Мажилистин төрагасы Шукуржон Зухуров менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү күтүлүүдө.
Андан кийин Дүйшөмбү шаарында өтчү “Жашоо үчүн суу” аталышындагы эл аралык долбоордун 10 жылдыгына арналган жогорку деңгээлдеги конференцияга катышат.