Жогорку окуу жайларындагы юридикалык факультеттерди жабуу боюнча тапшырма берилди. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева билдирди. Министр бул тууралуу Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин 8-июнда өткөн көчмө жыйынында айтты.
Министрдин билдиришинче, өлкөдө аталган кесип боюнча факультеттердин саны абдан көп.
"Ар бир мамлекеттик жогорку окуу жайына юридикалык факультеттерди жабуу боюнча тапшырма берилди. Бул багытта иш жүрүп жатат",- деди министр.