Жогорку Кеңештин 10-июндагы жыйынында КРнын Акыйкатчысынын "2014-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигинин сакталышы жөнүндө" жылдык баяндамасы угулууда. Жыйын жүрүшүндө депутаттар акыйкатчы
Бакыт Аманбаевдин бир жылдык отчётуна нааразы болушту. Алардын айтымдарында, акыйкатчынын отчётунда өспүрүмдөрдүн зордукка кабылбашы үчүн эч кандай сунуштар каралган эмес.
"Жылына бир канча өспүрүм зордукка кабылып жатканы айтылууда, бирок бул боюнча жана алардын зордукка кабылбашы үчүн эч кандай сунуштарды уга албадык. Ошондой эле миңдеген бала мектепке кире албай кордолуп жатат. Институт буга өкмөттү күнөөлүү катары айтып өттү, бирок институт эч нерсе жасабаптыр",- дешти депутаттар.