Жогорку Кеңеш акыйкатчынын жылдык баяндамасын жактырган жок

Бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында КРнын Акыйкатчысы Бактыбек Аманбаевдин "2014-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигинин сакталышы жөнүндө" жылдык баяндамасы угулду.
Талкууда көпчүлүк депутаттар бул баяндамага нааразы болуп жатыштыАлардын айтымдарында, акыйкатчынын отчётунда өспүрүмдөрдүн зордукка кабылбашы үчүн эч кандай сунуштар каралган эмес. Мындан тышкары айрым депутаттар Жогорку Кеңештин дарегине сын-пикирлер айтылып жатканда, акыйкатчы болушпай койгону үчүн да аны сынга алышты. Жыйынтыгында акыйкатчынын баяндамасын жактырбоого 69 депутат "макул", ал эми 25 депутат "каршы" добуш берди.
Айта кетсек, кечээ парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети Б.Аманбаевдин жылдык баяндамасына "канааттандырарлык эмес" деген баа берген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан