Бакыт Аманбаевдин акыйкатчы кызматынан кетишин атайын комиссия чечет

Бакыт Аманбаевдин акыйкатчы кызматынан кетишин атайын комиссия чечет. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда журналисттерге депутат Наталья Никитенко билдирди.
Депутаттын айтымында, "Акыйкатчы жөнүндө" мыйзамына ылайык, эгер Жогорку Кеңеш акыйкатчынын жылдык баяндамасына "канааттандырарлык эмес" деген баа берсе, акыйкатчынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнө чейин токтотулушу керек. "Атайын парламенттик комиссия түзүлөт. Бул комиссиянын үчтөн экиси акыйкатчыны кызматта калтыруу же калтырбоо маселеси боюнча чечим чыгарат",- деп түшүндүрдү Никитенко.
Айта кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлдөрү Б.Аманбаевдин "2014-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигинин сакталышы жөнүндө" жылдык баяндамасын жактырышкан жок.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан