Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы "Кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам жөнүндө келишимди ратификациялоо жөнүндө жана өткөрүп берүү жөнүндө" келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамдын долбоорун фракциялардын макулдугу менен дароо эле үч окууда добуш берүүгө жөнөттү. Мындай чечим Жогорку Кеңештин 10-июндагы отурумунда кабыл алынды.
Башкы прокурордун орун басары Людмила Усманова ушу тапта бир катар чет өлкөлөрдө кылмышка шектелген же кылмыш кылган адамдар качып жүргөнүн, эки тараптуу келишимдер жок болгондуктан, ал өлкөлөр кылмышкерлерди кыргыз мамлекетине өткөрүп бербей келатышканын эске салды. "Эгер бул келишимдер ратификацияланса, эки тарап кылмышкерлерди кармап, бири-бирине өткөрүп бере баштайт. Мындай шарттар эл аралык тажрыйбада бар",- дейт ал.
Аталган келишимдерге ылайык, кыргыз мамлекети менен Бириккен Араб Эмираттары бири-бирине ар кандай кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жактан жардам көрсөтүшүнө, консультацияларды жүргүзүшүнө да кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлө турганы белгилүү болду.