Өткөн аптада Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында "Импорттук товарлар" көргөзмө-жарманкеси болуп өттү. Элчиликтин колдоосу менен иш-чарага КРнын Экономика министрлигинин алдындагы инвестиция тартуу боюнча агенттик да катышып келди. Бул тууралуу 10-июнда ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Анда кыргыз жеринин туризм жаатындагы мүмкүнчүлүктөрү, өлкөдөгү инвестициялык климат көрсөтүлүп, кыргыз балы сатыкка коюлду.
Импорт боюнча корей ассоциациясына 70 миңге жакын уюм, ишкана жана ишкерлер мүчө болуп келишет. Жарманкеге катышуу корей ишкерлерине жана керектөөчүлөрүнө Кыргыз Республикасындагы экспорттун мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берет.