Жалал-Абад шаарынын бир катар аймактарында 2 күнгө электр жарыгы өчүрүлөт

11-12-июнь күндөрү Таш-Булак көмөк чордонунда оңдоп-түзөө жумуштары жүргөндүгүнө байланыштуу Жалал-Абад шаарынын карамагындагы Курманбек, Достук кичи райондорунда, Чолок-Терек, Ынтымак, Гүлстан, Таш-Булак айылдарында саат 09:00дөн 17:00гө чейин электр жарыгы болбойт. 

Ошондой эле эртең, 11-июнь күнү Кара-Көл шаарында, Ала-Бука районуна караштуу Көк-Серек айылында, Сузак районунун Арал айылында кышка карата оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилет. Ал эми Базар-Коргон районуна караштуу Чарбак айылында таңкы саат 07:00дөн баштап кечки саат 18:00гө чейин электр жарыгы болбойт, анткени бул жерде "Датка-Кемин" көмөк чордонуна аба чубалгылары тартылып жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан