Бүгүн, 11-июнда
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Пан Ги Мун "Ала-Арча" резиденциясында
журналисттерге маалымат берип жатып кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында жашаган калктардын ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүү демилгесин жарыялады.
Анын айтымында, бул демилге БУУнун Тынчтык куруу фондуна таандык. "Аны ишке ашырууда аялдарды жана жаштарды тартуу керек. Бул демилге Борбор Азиядагы аймактык кызматташууну өнүктүрүүгө жардам көрсөтөт. Бул менин иш сапарымдын негизги максаты",- деди Пан Ги Мун.
Мындан тышкары ал иш сапарынын алкагында бүгүн Ош шаарына барарын белгиледи.