Президент парламентке ар бир кадамын терең талдап, жоопкерчилик менен мамиле кылган депутаттар келиши керектигин айтты

Жогорку Кеңеш парламентаризмди өнүктүрүүдө тандаган жолунан тайбашы керек. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев 11-июнда парламенттик демократияны өнүктүрүүгө арналган конференцияда билдирди.

Мамлекет башчынын айтымында, парламент калктын түрдүү катмарынын кызыкчылыгын коргоп, элдин эркин билдирип турушу зарыл.

"Өлкөбүз азыр парламентке мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртө билишкен, өлкөнүн, элдин тагдыры үчүн күйүп-бышкан чыныгы кесипкөй-мекенчилдердин шайланып келишине муктаж. Мамлекет үчүн, эл үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алууда ар бир кадамын терең талдап, жоопкерчилик менен мамиле кылган депутаттар келиши керек. Ошондуктан саясий партияларга парламенттик шайлоодо өлкө тынчтыгын жана элдин биримдигин өз кызыкчылыгынан жогору коюшса деп кайрылат элем. Биздин милдетибиз – чыныгы демократиялуу, эркин, чынчыл шайлоо өткөрүү, 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынан кийин өлкө эли тандап алган демократиялык жолдон тайбастан, алга кадам шилтөө",- деди ал.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан