Тажрыйба алмашуу үчүн Малайзияга барган кыргыз журналисттери өлкөдөгү ири медиахолдингдин иши менен таанышышты

Тажрыйба алмашуу үчүн Малайзияга барган кыргыз журналисттери бүгүн аталган өлкөдөгү белгилүү "Медиа прима" медиахолдингинин иши менен таанышышты. Андагы бир нече телеканалдын студиялары, гезит, радио жана веб-порталдын ишинин өзгөчөлүгү боюнча мекеме жетекчилиги маалымат берди. Маалым болгондой, мекемеде 4 миңдей кызматкер эмгектенип келет. Эң аз маяна алган кызматкердин эмгек акысы айына 1000 доллар экени айтылды. 

Белгилей кетсек, Малайзияга болгон сапар алкагында кыргыз өлкөсүнүн жана Малайзиянын журналисттери өз ара тажрыйба алмашып, керектүү делинген байланыштарды түзө алышат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан