Тайырбек Сарпашев иш сапары менен Азербайжанга учуп кетти

Бүгүн, 11-июнда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев эки күндүк иш сапары менен Азербайжан Республикасына учуп кетти. Сарпашев Баку шаарында азербайжандык кесиптеши Ягуб Эюбов менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Жолугушууда тараптар өкмөттөр аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык комиссиянын үчүнчү отурумунун күн тартибин талкуулашат. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. 

Белгилей кетчү нерсе, Сарпашев - Өкмөттөр аралык комиссиянын тең төрагасы.

Иш сапардын алкагында Сарпашев Биринчи европалык оюндарынын ачылуу аземине катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан