Пан Ги Мундун жубайы Эне жана баланы коргоо борборунда болду

Бүгүн, 11-июнда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Пан Ги Мундун жубайы Ю Пан Сун Дэк Эне жана баланы коргоо борборунда болуп, мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышты. 
Мекеменин ишмердүүлүгү менен тааныштырган Эне жана баланы коргоо борборунун директору К.Узакбаев: "Энелер мектеби" ата-эне болууга комплекстүү даярдап, кош бойлууларга маалыматтарды так жеткирүүгө, башка кош бойлуу аялдар менен пикир алышууга көмөктөшөт. Өзгөчө балага кам көрүү, бала менен баарлашуу, туура эмизүүнүн жолдорун үйрөтүүгө басым жасалат",- деди. 
Ю Пан Су Дэк жаңы төрөгөн энелер менен жолугушуп, аларга белектерди тапшырды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aida91
2015-06-12 09:18:12
Эмнеге биздин "Биринчи айымыбыз" ушинтип энелердин акыбалын текшербейт?Пан Ги Мундун айлынан улгу алыш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан