Онтарио Жогорку Соту (Канада) "Центерра" ишканасындагы Кыргыз Республикасынын 47 миллион акциясын камактан чыгарды. Бул тууралуу бүгүн 11-июнда "Кыргыз алтын" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул соттук чечимди чыгарууга Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык Сотунун 2013-жылдын сентябрь айындагы чечими, Москва шаарынын Арбитраждык сотунун 2015-жылдын 29-апрелиндеги чечими негиз болду. Мындан тышкары Онтарио сотуна "Станс Энержи Корп" ишканасы Экономикалык Соттун чечиминин толук текстин бербегени жана керектүү маалыматтарды көрсөтпөгөнү белгилүү болду.
Айта кетсек, сотто "Кыргыз алтын" ишканасынын кызыкчылыктарын «Baker & McKenzie LLP» Эл аралык юридикалык компаниясынын канадалык кеңсеси коргоду.