"Ал күндөр бизден канчалык алыстабасын, азыр да ар бирибиздин сөөгүбүздү сыздатып, оор учурду эсибизге салып турган эстелик, көз жашын төккөн энелердин элеси тынчтыктын, улуттар аралык ынтымактын баасын бизге эскертип, мындан кийин өткөндөгүдөй кайгылуу окуяларга жол бербөөнү бизден талап кылып турат.
Бизди дайынсыз жоголгон уул-кыздарыбыздын тагдыры түйшөлтүп келет, алар биздин көңүл борборубузда. Издөө-изилдөө иштери токтогон жок. Ошол уул-кыздарыбызга да баш ийип, таазим этип, ата-эне, жакындарын сабырдуулукка чакыргым келет.
Ал окуялар учурунда зыян келтирилген шаарларды калыбына келтирүүгө, үй-жайсыз калгандарды турак жай менен камсыз кылууга аракет жумшадык. Бул иштерде айрым мүчүлүштүктөргө жол берилгени боюнча нааразылыктар бар. Биз аларды аягына чейин териштирип, тиешелүү баа беришибиз зарыл.
Ошентсе да, канча үй курулбасын, шаарларыбыз калыбына келбесин, каргалашуу күндөрдө жоготкон мекендештерибизди кайтарып ала албайбыз, алардын өмүрүнө эч бир нерсе татыбайт.
Ошондуктан ар бирибиз адам өмүрүн алган мындай окуялардын кайталанбашы үчүн жан үрөп аракет кылып, ар кыл чагымчылардын сөзүнө кирбей, биримдикти көздүн кареги сымал сакташыбыз абзел",- деди Сариев.