Жалал-Абад жана Сузак районунун ар улуттан турган 600дөн ашык тургундарынын катышуусунда Июнь окуясынын 5 жылдыгына карата иш-чара өттү. Бул тууралуу 12-июнда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаранын негизги максаты - улуттар аралык биримдикти чыӊдоо, эл достугун бекемдөө жана демократиялык негизде, мыйзам укугу жолунда өнүгүп бара жаткан көп улуттуу мамлекетибизде тынчтыктын өкүмү сүрүүсүнө өбөлгө түзүү.
Маалыматка караганда, Июнь окуясынын 5 жылдыгын белгилөө Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттар тобу тарабынан демилгеленип, облустук, мамлекеттик администрация жана укук коргоо органдары тарабынан колдоого алынган. Катышуучулар көп улуттуу мамлекетибиздин өнүгүүсүнө улуттар аралык ынтымактын жана мамлекеттин стабилдүүлүгү маанилүү экенин баса белгилешти.