Кыргыз футболчуларынын Австралияга каршы оюнунда 2,5 миң милиция кызматкери коомдук тартипке көз салат
16-июнда Бишкекте 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында кыргыз футболчулары Австралия курамасына каршы беттеш өткөрүшөт. Беттеште Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы стадион күйөрмандарга толуп, аншлаг болору күтүлүүдө. Бүгүн, 12-июнда маалымат жыйынында ИИМдин өкүлдөрү кабарлашкандай, бул оюнда 2595 милиция кызматкери коомдук тартипке көз салат (анын 300ү кошумча күч катары каралган). Ошондой эле эл ичинен коомдук тартипти сактоого өз ыктыяры менен келген 200гө чукул активисттер да болушат. Милиция кызматкерлери футбол сүйүүчүлөрүн өзүлөрүн тартиптүү алып жүрүүгө чакырып, эгер коомдук тартип бузулса, мыйзам чегинде чара көрүлөрүн эскертишет.
Азыр Кыргызстан канчанчы орунда баратат? Иордания, Бангладеш, (Австралия) жана Тажикстан ушулар менен ойноп кимди женди, кимден женилишти? Жооп жазып коюнуздарчы.
0
Kanat8427
2015-06-12 12:05:09
sardaralay, Бангладешти 3-1 ге женди. Башкалары менен эми бетешетко дейм.
0
sibiryak
2015-06-12 12:55:32
sardaralay, Тажикстан Иорданиядан 1-3ко утулуп калды.Кыргызстан менен Иордания 3тониупайга ээ болушуп 1 орунду тен болушуп келе жатышат.
0
Bors
2015-06-12 13:58:35
sardaralay, Азыр Кыргызстан групасында биринчи мечтала турат. Австралияны женск жакшы болот даны которулот
+1
Bors
2015-06-12 14:02:33
Стадионго пакетерин текшерип киргизиш керек спиртной стеклянный бутулкалар менее киргизбоо керек. Буйруса Ч.Мира 2018 илешип калсак канале групадагы командалар слабый эле экен.
+1
Savai80
2015-06-12 15:32:15
Bors,Эгер Кыргызстан группадан 1-орунга чыкса ЧМ 2018-ге жолдомо алышабы же башка группалар менен да беттешеби? Кудай жалгап ЧМ 2018-ге чыгып кетишсе сонун эле болот эле.
0
Bors
2015-06-12 17:19:58
Savai80, ушул групадан чыкса эле болду башка групалар менен бетешпейт.
0
bakyt_2015
2015-06-13 01:27:55
Bors, 8 группадан экиден команда 16 команда кийинки кругта ойнойт. Ошентип отуруп 4команда калгача ойун болот.2018 чыкканча оооо кооп оюн бар.Азиядан 4гана команда барат.Кыргызстан эмес мен деген Австралия жолдомо ала алаарын бир кудай билет.Ачык созду жаман корбонуздор туугандар.
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.