Салык кызматынын башчысы туристтик тармактын өкүлдөрүн салыктык контрактка активдүү өтүүгө үндөдү

Мамлекеттик салык кызматы Ысык-Көл облусунун курорттук-ден соолукту чыңдоо мекемелеринин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн жетекчилери жана салык төлөөчүлөр менен көчмө жолугушуу уюштурду. Бул тууралуу 12-июнда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жолугушууга жалпысынан 100дөн ашык чарба субъекттери катышышты. Салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов курорттук-ден соолукту чыңдоо мекемелеринин жетекчилерин салыктык контрактка өтүүгө үндөдү. 
“2015-жылга карата Ысык-Көлдүн 129 курорттук-ден соолукту чыңдоо мекемелеринин ичинен 35 гана субъект менен салыктык контракт түзүлгөн. Бул эң эле төмөн көрсөткүч. Эгер сиздер өзүңүздөрдүн кирешеңиздерди ачык-айкын көрсөтсөңүздөр, салыктарды өз убагында жана толук төлөсөңүздөр, анда бир дагы инспектор сиздердин тынчыңыздарды албайт. Ал эми андай болбосо, Мамлекеттик салык кызматы тарабынан мыйзамда каралган чаралардын бардык комплексин колдонууга туура келет, а булар болсо - рейддик салык көзөмөлү, хронометраждык иликтөө, көчмө текшерүүлөр. 
Салыктык контракт өз кезегинде салык төлөөчүгө канчалык болсо, салык кызматына да ошончолук эмгек жана убакыт ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берет. Салыктык контракт – бул бир гана салык төлөөнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартиби эмес, бул ошондой эле салык көзөмөлүн ишке ашыруу бөлүгүндөгү салык органы тарабынан жасалган либералдуу мамиле, муну менен салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө бөгөт коюлат”,- деп белгиледи З.Осмонов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан