Футбол боюнча Австралия менен кыргыз мамлекетинин беттешине карата айрым көчөлөрдө жол кыймылы чектелет
16-июнда орун ала турган футбол боюнча Австралия менен кыргыз мамлекетинин беттешине карата айрым көчөлөрдө жол кыймылы чектелет. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда маалымат жыйынында Жол-кайгуул кызматынын башчысы Сергей Дьяченко билдирди. Анын айтымында, австралиялык футболчуларды "Манас" аэропортунан тосуп алып, Бишкекке коштоп келүү жагы каралган. Ошондой эле Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй кең көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейинки аралыгы убактылуу жабылат. Жол кыймылы ошол эле учурда Фрунзе көчөсүндө да чектелет (Панфилов көчөсүнөн Исанов көчөсүнө чейинки аралык).