КРнын Малайзиядагы элчиси
Кылычбек Султанов бүгүн, 12-июнда кыргыз журналисттеринин суроолоруна жооп берип, Малайзияда кыргыз жарандарынын ишке орношуусу тууралуу айтып өттү.
"Бул жакка келген жарандар билимдүү болушу керек. Англис тилин билүүсү шарт. Анан, албетте, бул өлкөнүн мыйзамдарын сыйлашы кажет",- деди элчи.
Мындан сырткары эки өлкө ортосундагы кызматташтыгын жана байланышын бекемдөө аракеттерине токтолуп, Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын ортосунда түз авиакаттам ачуу маселеси каралып жатканын билдирди. Ошондой эле малайзиялык ишкерлерди кыргыз өлкөсүнө кызыктыруу керектигин айтты.
Белгилей кетсек, кыргыз журналисттери Малайзиядагы ири медиахолдингдердин иши менен таанышып, тажрыйба алмашып жатышат. Ал эми аталган өлкөгө барган ырчылар жана “тамашоучулар” ал жактагы мекендештерге бүгүн, 12-июнда атайын концерт коюшат.
Маданий-маалыматтык иш-чараларды элчи Кылычбек Султанов башында турган КРнын Малайзиядагы элчилиги эки өлкөнүн карым-катнашын өнүктүрүү максатында уюштурган.