Мамлекет ишкерлер менен тең ата мамиле түзүп, тыгыз кызматташууга даяр

Бүгүн, 12-июнда Кыргыз Республикасында экспортту өнүктүрүүнүн 2015-2017-жылдарга планын талкуулоо форуму өттү. Иш-чарага өкмөт башчы Темир Сариев, мамлекеттик органдардын кызматкерлери, ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү жана Германия жана Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчилери катышканын өкмөттүк аппараттан билдиришти.

Жыйынды ачып жатып Сариев Экономика министрлиги иштеп чыккан экспортту өнүктүрүү планынын мааниси чоң экенин белгилеп, Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалы абдан жогору экенин билдирди.

“Өлкөбүздүн экспортун жогорулатууга бизнестин катышуусу да өтө маанилүү экендиги шексиз. Биз ата мекендик экспорттоочулардын күтүүлөрүн эске алып, азыркы шарттарды өздөрүнүн потенциалын эң натыйжалуу өнүктүрүүгө жана пайдаланууга жардам көрсөтүүгө тийишпиз”,- деди ал.

Премьер-министр кошумчалагандай, аталган план кыргыз мамлекетинин Евразиялык экономикалык биримдигине кошулуу мезгилинде өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн так аныктап, аны өнүктүрүү жолдорун камтыйт.

Ошондой эле Сариев экспортту өнүктүрүү планынын алкагында кайра иштетүү, тигүү, экспорттук кызмат көрсөтүү тармактарын өнүктүрүүгө артыкчылык берилерин билдирди. Мында өкмөттүн эң негизги өнөктөшү ишкер чөйрө экенин белгилеп, мамлекет ишкерлер менен тең ата мамиле түзүп, тыгыз кызматташууга даяр экенин айтты.

Андан сырткары экспорттук тармакта атаандаштыкты өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

“Дүйнөлүк экономикалык форумдун 2014-жыл үчүн отчётунда кыргыз өлкөсү глобалдуу атаандаштыкка жөндөмдүүлүк индекси боюнча 144 өлкөнүн ичинен 108-орунду ээлегендиги көрсөтүлгөн. Мындай жыйынтык бизди канааттандырбайт. Биздин негизги соодалык өнөктөштөрүбүз – Орусия жана Казакстан -  тиешелүүлүгүнө жараша 53 жана 50-орунду ээлешет. Атаандаштыкка жөндөмдүүлүктөгү биздин позицияларды күчөтүү үчүн көп иштерди жасоо зарыл, атап айтканда, менчик укугун коргоону чыңдоо, мамлекеттик башкаруу органдарынын натыйжалуулугун жогорулатуу, коррупцияга каршы күрөшүү, билим берүүнүн сапатын, жолдордун жана чек арадагы өткөрүү пункттарынын абалын жакшыртуу, азыркы улуттук сапат инфратүзүмүн түзүү боюнча иштерди аткарышыбыз керек”,- деди өкмөт башчысы.

Сариев экспортту өнүктүрүүнү өкмөт негизги багыттарынын бир катары аныктап, бизнес үчүн керектүү шарттарды түзүп, инсфракструктураны оңдоо жана аталган тармактагы соода процедураларын жеңилдетүү боюнча иштер аткарылып жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан