Президент Алмазбек Атамбаев “2015-жылдын 23-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы №0407-KGZ (SF) Секторду өнүктүрүү программасын жана №0408- KGZ (SF) Секторду өнүктүрүү долбоорун камтыган “Секторду өнүктүрүү программасы: билим берүү тутумун чыңдоо” гранттык макулдашуусун ратификациялоо жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 16-июнда президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине белгиленген тартипте Азия өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор кыргыз тараптан аткарылганы жөнүндө кабарлоо тапшырмасы берилди.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.