Интернет желесинде Түндүк Кореяда Ким Ир Сен менен Ким Чен Ирдин эстеликтерине таазим кылып тургандардын сүрөтү тарады. Сүрөт Ким Ир Сендин каза болгонунун 31 жылдыгында тартылганы айтылууда.
Айта кетсек, эки күн мурун өлкө башчысы Ким Чен Ын чоң атасы, мамлекеттин негиздөөчүсү Ким Ир Сендин каза болгонунун 31 жылдыгына карата Кумсусан Күн сарайына барганы маалым болгон. Эскерүү кечелерине өлкөнүн жогорку жетекчилери жана аскердик ведомстволордун башчылары да катышкан.