Президент Садыр Жапаровдун 8-9-июлда Тажикстанга болгон мамлекеттик сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Сапардын биринчи күнүндө мамлекет башчысы тажик мамлекетинин негиздөөчүсү Исмоил Сомонинин Душанбе шаарындагы эстелигине гүлчамбар койду.
Андан соң "Улут сарайынын" аянтында Садыр Жапаровдун Эмомали Рахмон менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү.
Расмий азем аяктагандан кийин лидерлер тар курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Тараптар өз ара кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде айрым райондордо социалдык инфраструктураны өнүктүрүү жана көп жактуу аянтчаларда кызматташтыкты чыңдоо маселелерин талкуулашты.
Тет-а-тет жолугушуудан кийин Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон сүйлөшүүлөрдү кеңейтилген форматта улантышты. Мамлекет башчылары кыргыз-тажик мамилелери, ар тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү, ошондой эле эл аралык жана аймактык маселелер боюнча кеңири пикир алмашышты.
Мындан тышкары лидерлердин жолугушууларынын жыйынтыгында соода, билим берүү, өнөр жай, туризм жана башка көптөгөн маанилүү багыттарда эки тараптуу кызматташтыктын кеңири спектрин камтыган бир катар документтерге кол коюлуп, алмашылды. Анын ичинде президенттердин биргелешкен билдирүүсүнө кол коюлду.
Андан ары мамлекет башчылары видео-байланыш режиминде Ош облусундагы “Карамык” жана “Бордөбө” көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин жандандыруу аземине катышты.
Эмомали Рахмон менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Садыр Жапаров ЖМКлар үчүн билдирүү жасады.
Ошол эле күнү Жапаров "Эгемендүүлүк сарайында" Кыргызстан менен Тажикстандын инвестициялык жана экономикалык форумунда сөз сүйлөдү. Ага эки өлкөнүн 500гө жакын бизнес өкүлдөрү катышты.
Форумдун алкагында эки мамлекеттин бизнес түзүмдөрүнүн ортосунда көптөгөн өз ара пайдалуу келишимдерге кол коюлду.
Муну менен катар Кыргызстан менен Тажикстандын лидерлери Душанбе шаарындагы Улуттук өндүрүмдөрдүн көргөзмөсүнө барышып, эки өлкөнүн өнөр жайынын ар кандай тармактарындагы жетишкендиктерин чагылдырган экспозициялар менен таанышышты.
Иш сапардын маданий бөлүгүнүн жана Тажикстандагы Кыргызстандын маданият күндөрүнүн алкагында президенттер Душанбе шаарындагы "Кохи Борбад" мамлекеттик комплексинде өткөн искусство чеберлеринин "Түбөлүк достук" аттуу концертине катышты.
Сапардын экинчи күнүндө Садыр Жапаров Тажикстандын Жогорку жыйынынын жогорку палатасынын Улуттук кеңешинин төрагасы Рустами Эмомали менен эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана парламенттер аралык багытты илгерилетүү маселелерин талкуулады.
Андан соң Садыр Жапаров Тажикстандын Жогорку жыйынынын Өкүлдөр палатасынын төрагасы Файзали Идизода менен жолугушту. Ошондой эле Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Мамлекет башчысы жолугушууда визиттин жүрүшүндө кол коюлган документтер, ошондой эле өкмөттөрүбүздүн жүргүзүп жаткан иштери эки өлкөнүн жана элдин түбөлүк достугунун бекем пайдубалын түптөй турганын белгиледи.
ПрезидентТажикстанга болгон мамлекеттик сапарын аяктап, 9-июлда Бишкек шаарына кайтты.