Эртең "25-мартты Парламентаризм күнү деп белгилөө жөнүндө" Жогорку Кеңештин токтом долбоору талкууланат

Эртең, 19-июнда "25-мартты Парламентаризм күнү деп белгилөө жөнүндө" Жогорку Кеңештин токтом долбоорун талкуулоо боюнча тегерек стол өтөт. Аталган токтом долбоору Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитетинде, кийинчерээк Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинде каралып, жактырылган. Бирок сунушталып жаткан дата (1925-жылдын 25-марты) айрым талаш-тартыштарды жараткандыгынан улам Кыргыз Республикасынын белгилүү жогорку окуу жайларында эмгектенген тарыхчылар менен укук таануучулардын маалыматтарын жана кеңештерин угуу максатка ылайыктуу деп табылган.
Аталган иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттарынын, тарыхчылардын, укук таануучулардын жана саясий илимдер боюнча илимий адистердин катышуусу күтүлүүдө. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан