Чаткалда ЖДПБнын 85 орундуу жаңы имараты курулат

Чаткал районунда Жалпы дарыгерлик практика борборунун 85 орундуу жаңы имараты курулат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдайт.
Ага ылайык, министр Эркин Чечейбаев райондук Жалпы дарыгерлик практика борборуна (ЖДПБ) барып, жаңы имарат куруу иштерине даярдык менен таанышты.
Жаңы долбоордун алкагында ЖДПБнын 85 орундуу заманбап үч кабаттуу имаратын куруу пландалууда. Анын курамында терапия, хирургия, педиатрия, төрөт жана жугуштуу оорулар бөлүмдөрү болот. Учурда айыл өкмөтү тарабынан жер тилкеси бөлүнүп берилген.
Саламаттык сактоо министрлиги техникалык тапшырманы даярдап жатат, ал эми долбоордук-сметалык документтер иштелип чыгууда. Курулуш иштеринин башталышы ушул жылдын август айына, ал эми аякташы 2026-жылга пландалган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан