КРнын Вице-премьер-министри
Дамира Ниязалиева Жогорку Кеңештин жыйынында:
"Учурда өлкөдө 193 мектептин курулушу жүрүүдө, жыл соңунда 43ү колдонууга берилет",- деп билдирди. Бул тууралуу 18-июнда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Акыркы эки жылдан бери бала бакчалардын имаратын мамлекетке кайтаруу жаатында активдүү иш-аракеттер жүрүп жатканына токтолуп: "Балдардын мектепке чейинки билим алуусунун маанилүүлүгүн эске алып, кыргыз өкмөтү Башкы прокуратура менен биргеликте менчиктештирилип кеткен бала бакчалардын имараттарын кайтаруу багытында иш алып барууда. Азыркы тапта өлкөдө 1568 бала бакча болсо, анын 285и мамлекеттик, 992си муниципалдык жана 291и жеке менчик. Учурда 119 имарат кайтарылды",- деди Ниязалиева.
Мындан сырткары өлкө боюнча балдардын 18 пайызы гана мектепке чейинки билим менен камсыздалганын кошумчалады. Көрсөткүч Советтер Союзунун учурунда 35 пайыз болгон.
"Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасында 2 жаштан 6 жашка чейинки балдардын саны 772 464ү түзөт. Баарын мектепке чейинки билим менен камсыз кылуу үчүн 280 орундуу 2285 бала бакча курушубуз керек. Албетте, курулуш иштерине бюджетте акча каражаты жок. Муну эске алганда, менчиктештирилген бала бакчаларды кайтаруу актуалдуу экенин көрүүгө болот. Мамлекеттик чек араны коргоо да маанилүү болгондуктан, чек ара бөлүктөрүнө айланган бала бакчалар кайтарылбайт",- деди Д.Ниязалиева.