Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары Эсептөө палатасынын 2014-жылы аткарган иши боюнча отчётту угушту.
Талкууда депутаттар аталган мекеме былтыр мыкты иштегенин билдиришип, мындан ары да ушундай пайдалуу иш алып барууну каалашты. Эсептөө палатасынын төрайымы
Элмира Ибраимова өз кезегинде ал жетектеген мекеменин кызматкерлеринин санын көбөйтүүнү суранды.
Жыйынтыгында парламент Эсептөө палатасына "канааттандырарлык" деген баа берди.