Бишкекте баш аламан соодага каршы рейддер улантылууда

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы борбор калаадагы базарлар менен коомдук жайлардагы баш аламан сооданын фактыларын токтотуу боюнча иштерин улантууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдирди.
2024-жылдын ноябрынан тартып бүгүнкү күнгө чейин 153 рейд өткөрүлүп, натыйжада өлкө мыйзамдарын бузган 995 уруксатсыз соода түйүндөрү алынды. Анын негизинде инспекция тарабынан 6 026 000 сомго 1782 укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлдү.
Муниципалдык инспекция, соода жүргүзүү үчүн атайын бөлүнгөн жерлерден тышкары соода жүргүзүү санитардык жана өрт коопсуздугу боюнча нормаларды бузуп, жөө адамдардын жана транспорттун жүрүшүнө тоскоолдук жаратарын, ошондой эле мындай кырдаалда айып пул салынаарын эскертет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан