Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков депутаттарга кайрылып, бүгүн саат 18:00дөн кийин да ишти улантууну сунуштады. Төрага өзү буга даяр экенин айтты.
“Силер эле кетип калбасаңар, мен саат 22:00гө чейин иштөөгө даярмын. Кечээ саат 18:00 чамасында кетип калыпсыңар, ошондуктан каралчу маселелер бүгүнкү күнгө жылдырылып калды. Эмгек өргүүсүнө чейин бардык маселелерди карап чыгышыбыз керек. Мындан улам 19, 29-30-июнда чогулуп, кезексиз жыйындарды өткөргөнү жатабыз”,- деди Жээнбеков.
Айта кетсек, 19, 29-30-июнда Жогорку Кеңештин кезексиз отурумдары өтөт.