Ош облусунан ажылык сапарга 935 адам жолдомо алды

Ошто ажылыкка баруучулар ортосундагы электрондук чүчү кулак тартуу иш-чарасы жыйынтыкталды. Быйылкы 2015-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча Ош облусундагы жооптуу адис Ыйманали Матраимовдун билдирүүсүндө, Ош облусунан ажылык сапарга 2014-жылы чүчү кулактан өтпөй калып, кезек күтүп турган 2070 адам, 2015-жылы ажылыкка катталган 910 жаран, жалпы 2980 адам чүчү кулакка катышышкан. Натыйжада 935 адам ажылык сапарга жолдомо алды. Иш-чара Ош облусунун 5 районунда 9-июндан 16-июнга чейин өткөрүлдү. Ал эми Кара-Кулжа району менен Алай районунда, бөлүнгөн квотага ылайык жарандар катталбагандыктан, чүчү кулак тартуу иш-чарасы өткөрүлгөн жок.

Ажылык сапарга бара тургандарды тандоочу иш-чарага Ажылык иштери боюнча республикалык штабдын жетекчиси Замир кары Ракиев, муфтийдин орун басары Равшан Эратов, Ош облусунун казысы Ниязали ажы Арипов жетекчилик кылышып, КРнын иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана бардык облустук укук коргоо органдарынын өкүлдөрү көзөмөлгө алышты.

Эскерте кетсек, ажылыкка өткөн жарандар атайын адистер тарабынан окутулуп, 2015-жылдын 23-августунан баштап ажы сапарына жөнөтүлө баштайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nurbek290992
2015-06-18 17:43:05
урматтуу момун мусулмандар рамазан айыбыз кут болсун.
0
mikinookat
2015-06-19 12:17:37
70 жаштан откондор кезексиз барат деп айтышып, анан эле чучу кулака киргизишип 80 ге чыккан атам 75 ке чыккан апам отпой калды го бул эмне деген шумдук! Улуу урматтуу кудайдын адамдары ,,,,жашына да конул болбойсуздорбу мумкунчулук таап эми гана аттанганда отп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан