Өлкөдө 100 миңге жакын бала мектеп лагерлеринде эс алууда

Өлкөдө 99 530 бала мектеп лагерлеринде эс алууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, мындай иш-чара өз айылынан же шаарынан чет жакка чыга албаган балдар үчүн уюшулган. Мектеп лагерлеринде эс алуу 638 орто окуу жайында 5-июндан 6-июлга чейин созулат. Ал жалпы билим берүү мекемелеринин аракети менен өтүүдө. Балдар үчүн 3 маал тамактануу, эс алуу үчүн бөлмөлөр жана оюн аянтчалары каралган. Окуучулардын коопсуздугун медицина кызматкерлери жана укук коргоо органдары кароодо.

Кошумчалай кетсек, өзгөчө көңүл ата-энеси жок жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына бөлүнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан