Жогорку
Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев,
депутаттар Айнуру Алтыбаева, Динара Исаева, Галина Скрипкина, Майрамкан
Кадырбекова, Таалайбек Ибраев бүгүн, 18-июнда парламенттик "Достук" тобунун
төрагасы Михаил Корб баштаган Эстония парламентинин делегациясы менен
жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Депутат К.Иманалиев Кыргыз Республикасы Европа бирлигинин өлкөлөрү менен өз ара ишенимге жана бири-биринин кызыкчылыктарын урматтоого негизделген достук мамилелерге өзгөчө маани берерин белгиледи. "Биздин өлкөлөрдү парламенттик башкаруу таризи бириктирет, бирок парламентаризмди Европада өнүктүрүү менен аны Борбордук Азияда өнүктүрүүнүн айырмасы бар",- деди ал.
Эстон парламентинин делегация башчысы Михаил Корб Эстония бардык өлкөлөр менен кызматташууга аракет кыларын, эстон парламентинде Кыргыз Республикасы менен "Достук" тобу түзүлгөнүн билдирди. Ал өз өлкөсүндө IT-технология, электрондук өкмөт өнүккөнүн, кыргыз өлкөсү менен топтолгон тажрыйбаны алмашууга даяр экенин айтты. «Эстониянын өкмөтү 2000-жылдан тарта интернеттеги электрондук тутумду колдонуу аркылуу кагазсыз документ жүгүртүү усулуна өткөн»,- деп, ал ордо калаалардын эле эмес, кичи шаарлардын деңгээлинде да кызматташтык мамилелерди өнүктүрүүнү сунуштады.