Вице-премьер-министр: "Үйдүн кутун кармоо, балдарды тарбиялоо жана айрым учурда аларды камсыздоо милдети толугу менен аялдарга жүктөлүүдө"

Бүгүн, 18-июнда Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева Республикалык айылдык аялдардын III жыйынында: "Үйдүн кутун кармоо, балдарды тарбиялоо жана айрым учурда аларды камсыздоо милдети толугу менен аялдарга жүктөлүүдө",- деп билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Д.Ниязалиева жыйындын катышуучуларына кайрылып, мындан 2 жыл мурда Баткен жергесинде болуп өткөн I республикалык жыйындын катышуучуларынын сунушу боюнча 18-июнду Аялдар күнү катары белгилөө чечими кабыл алынганын айтты.

"18-июнь бекер жерден Айылдык аялдардын эмгегин баалоо күнү катары белгиленген эмес. Туура 113 жыл мурда кыргыз элинин мыкты кыздарынын бири Зууракан Кайназарова туулган. Бул легендарлуу инсанды кыргызстандыктардын көптөгөн мууну Ата Мекенге жана элге кынтыксыз кызмат кылуу үлгүсү катары кабыл алып келген. Эки ирет "Социалисттик Эмгектин Баатыры" наамына ээ болуп, Улуу Ата Мекендик согуш учурунда жетим балдарды өз үйүнө алып тарбиялап өстүргөн. Менин пикиримде, Зууракан Кайназарованын элеси көптөгөн келечек муундарга жана заманбап аялзатына үлгү катары кызмат кылат",- деди ал.

"Алардын көбү 15-49 жаштагы аялдар. Айылдык аялдардын көйгөйүнө жашоо шартынын төмөнкү деңгээли, социалдык жактан корголбогондугу, жумушсуздук, киреше, укуктук билим алуудагы чектелген мүмкүнчүлүк, ден соолук боюнча төмөнкү көрсөткүчтөр, чечим кабыл алуу деңгээлиндеги төмөнкү катыштык маселеси кирет. Кирешени камсыздоодогу үзгүлтүксүз иш менен алектенүүсү материалдык жана социалдык бакубаттуулуктун негизги шарттарынын бири болуп саналат. Бул багытта алар аз корголгон катмарга киришет",- деди Ниязалиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан