Жогорку Кеңештин 18-июндагы жыйынында парламенттик шайлоодо республикалык босоголук чекти 7 пайыздан 9 пайызга чейин жогорулатуу боюнча мыйзам долбоору 2-окууда каралууда.
Депутат
Улукбек Кочкоровдун айтымында, бул долбоордо мандаттарды бөлүштүрүү механизми түзүлбөй калган.
"Ф.Кулов "бул маселени азыркы парламент чечет" деп сунуштады, бирок ал учур келгенде бизге парламентке кирүүгө эч ким мүмкүнчүлүк бербейт. Мындай кырдаал үчүнчү революцияга алып келиши мүмкүн",- деди Кочкоров.
Айта кетсек, каралып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, парламенттик шайлоодо республикалык босоголук чек 7 пайыздан 9 пайызга чейин жогорулатылып, ал эми аймактык босоголук чек 0,7 пайыздан 0,5 пайызга чейин төмөндөтүлмөкчү.