Депутат Чыныбай Турсунбеков 18-июнда Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ци Даюй менен элчиликтин экинчи катчысы Чжан Хайнинди кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда эки өлкөнүн саясий, маданий, экономикалык карым-катышынын өнүгүшү натыйжалуу уланып жаткандыгына токтолгон Турсунбеков Кытай мамлекети кыргыз өлкөсү үчүн жакшы коңшу гана эмес, акыркы мезгилдерде саясий өнөктөш да боло баштагандыгын баса белгиледи. Тараптар андан кийин эки өлкө ортосундагы кызматташтык боюнча маселени талкуулашты.