Бүгүн, 9-июлда "Бишкек Аренада" 20 жашка чейинки спортчулар арасында Азия чемпиондугу башталды. Кыргызстандык спортчу Эмирлан Дүйшөналиев грек-рим күрөшү боюнча чемпион аталып, алтын медаль утту.
Дүйшөналиев 63 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, төрт жолу жеңишке жетти.