Чүй облусунун Аламүдүн районунун Жал айылында жайгашкан жалпы аянты 12,5 гектар болгон "Строитель", 7, 5 гектар болгон "В.Дубинина" балдардын эс алуу лагерлери, ошондой эле Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы жер аянты 1 гектар болгон курорттук-ден соолукту чыңдоо комплекси мамлекеттик баланска кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда УКМК билдирди.
Маалымдалгандай, аталган социалдык объектилер 1997-жылдан 2001-жылга чейинки мезгилде акционердик коомдордун жана мамлекеттик органдардын өз алдынча чечимдеринин негизинде мыйзамсыз менчиктештирилген.
Натыйжада 7-июлда балдардын эс алуу лагерлери жана курорттук-ден соолукту чыңдоо комплекси социалдык багыттарда максаттуу пайдалануу үчүн мамлекеттин балансына кайтарылды.