1-сентябрдан тарта мугалимдердин эмгек акысын жогорулатууга 2,2 миллиард сом каралат

Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016 – 2017-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралып жатат. 
Жыйындын жүрүшүндө каржы министри Адылбек Касымалиев депутаттарды кошумча чыгашалардын тизмеси менен тааныштырды. Анын айтымында, бюджеттин чыгаша бөлүгү 17,5 миллиард сомго көбөйтүлмөкчү. "1-сентябрдан тарта мугалимдердин эмгек акысын жогорулатууга бюджеттен 2 миллиард 200 миллион сом каралат. Ошондой эле мамлекеттин күч блогуна 1 миллиард 964,3 миллион сом кароо сунушталууда",- деди министр.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан