Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңештин кезекиз жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралды. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты.
Премьер-министр Темир Сариев өлкө ЕАЭБге кошулуп жатканын, парламенттик шайлоо өтөрүн эске салып, ушу сыяктуу дагы башка бир катар себептерге байланыштуу республикалык бюджетке түзөтүүлөрдү киргизүү зарылдыгы пайда болгонун айтты. “Өзгөртүүлөр социалдык-экономикалык өнүгүүнүн учурдагы кырдаалы менен шартталган. Алсак, 2014-жылы ички дүң продукциянын өсүш арымы басаңдады. Ошентип, экономиканын өсүшү мурда бекитилген 6,2 пайыздын ордуна 2,0 пайыз деңгээлинде күтүлүп жатат”,- дейт ал.
Ал эми каржы министри Адылбек Касымалиев чет өлкөлүк валюталарга карата улуттук валютанын алмашуу кунунун туруксуздугуна, дүйнөлүк азык-түлүк бааларынын өсүшүнө байланыштуу калктын инфляциялык күтүшү, импорттук товарлардын кымбатташы, тариф саясатынын өзгөрүшү мурда бекитилген 8,7 пайыз инфляция ордуна 11,3 пайыз деңгээлинде күтүлүп жатканын билдирди. Республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн 7493,3 миллион сомго көбөйтүү сунуш кылынууда.
2015-жылга республикалык бюджеттин чыгашалары 136573,1 миллион сомду түзө турганы белгилүү болду. Ал эми республикалык бюджеттин тартыштыгы 25327,1 миллион сом, ички дүң продукцияга карата 5,8 пайызды түзөт же бекитилген көрсөткүчтөн 10440,7 миллион сомго көп. Бюджеттин тартыштыгын жабууга 2015-жылы 25327,1 миллион сом өлчөмүндөгү каржылоо булактары каралган.