Өлкөдөгү бир катар ички жолдор асфальттанат

Республика аймагындагы шаарлардын, райондордун жалпысынан 500 чакырым жолуна асфальт төшөлөт. Бул тууралуу өкмөт мүчөлөрү Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдиришти. Анын ичинде Бишкек шаарындагы ички жолдорго 187 миллион сом, Ош шаарына 140 миллиондун тегерегинде каражат каралганы айтылды. Жыйында “Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралууда. 

Талкуунун жүрүшүндө өкмөт башчы Темир Сариев Кочкор районунун Ак-Жар айылындагы мектептин мисалында республикалык бюджеттен каражат каралып, курулушу бүтүп, колдонууга тапшырылган, бирок 10 жылга жетпей колдонууга жараксыз болуп калган объекттер боюнча тиешелүү документтер топтолуп, Башкы прокуратурага берилип жатканын маалымдады.

Бир катар депутаттар Мамлекеттик мүлк фондунда канча ишкана бар экени, канчасы ижарага берилип, кандай каражат түшөрү белгисиз экенин, ошол эле маалда мамлекеттик мекмелерге канча имарат ижарага алынары боюнча инвентаризация жүргүзүлбөй келе жатканын сынга алышты. Өкмөт башчы мамлекеттик имараттардан түшүүчү каражатты дагы 5 эсе (100 миллион сом чогултуу) көтөрүү планын койгондугун белгиледи.

Суроо-жооп уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан