Айыл чарба министрлиги: 2015-жылдын 19-июнуна карата республикага 84,6 миң тонна жер семирткич алынып келинген

2015-жылдын жазгы талаа жумуштарына республика боюнча азоттук минералдык жер семирткичтерге болгон талап 200 миң тоннаны түзөт. 2015-жылдын 19-июнуна карата республикага 84,6 миң тонна жер семирткич алынып келинген. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек, Кара-Балта, Шопоков жана Ош шаарлары жер семирткичтердин негизги ташып келүү пункттары болуп саналат жана ал жактан республиканын башка аймактарына таратуу жана маалыматты жеткизүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан колго алынышы керек.

Бүгүнкү күндө Ош шаарында “Агромет” ишканасынын кампасында 1500 тонна аммиак селитрасы, 300 тонна нитрофоска, “Агро-Лига” ишканасынын кампасында 1000 тонна аммиак селитрасы жана 2000 тонна карбамид бар. "Агро-Лига" ишканасы Өзбекстандагы завод менен түзүлгөн келишиминин негизинде дыйкандардын сатып алуу жөндөмүнө жараша июнь, июль айларында 20 000 тонн жер семирткичти алып келүүгө даяр. Азыркы учурда жеке менчик фирмалар тарабынан жер семирткичтерди ташып келүү уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан