Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016 – 2017-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү боюнча мыйзам долбоорун талкуулап, андан кийин дароо эле үч окууда жактыруу чечимин кабыл алды.
Айта кетсек, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн 7 миллиард 493,3 миллион сомго көбөйтүлгөндүктөн, жалпы киреше 111 миллиард 246 миллион сом өлчөмүндө болот. Республикалык бюджеттин чыгашалары 136 миллиард 573,1 миллион сомду түзө турганы белгилүү болду. Ал эми республикалык бюджеттин тартыштыгы – 25 миллиард 327,1 миллион сом. Бюджеттин тартыштыгын жабууга 2015-жылы 25 миллиард 327,1 миллион сом өлчөмүндөгү каржылоо булактары каралды. Талкуу учурунда да депутаттар бир катар сунуштарды беришти.