Жогорку Кеңеш 19-июнда өлкөдө алкоголдук ичимдиктерди сатууну чектөөгө багытталган мыйзам долбоорун талкуулаган соң, аны толуктап иштеп чыгуу үчүн 2-окуу режиминде калтырды. Буга өкмөттүн долбоор боюнча корутундусу жок болгондугу себеп болду.
Айта кетсек, аталган мыйзам долбоору менен депутаттар түнкү саат 22:00дөн таңкы саат 08:00гө чейин алкоголдук продукцияларды сатууну чектегени жатышат. Мындан тышкары долбоордо сыра ичимдигин 2 жана андан жогору литрдеги желим бөтөлкөдө өндүрүүгө жана жүгүртүүгө тыюу салынат.