Роза Отунбаева Түркиянын экс-президенти Сулейман Демирелдин каза болгонуна байланыштуу элчиликке кол жазмасын калтырды

Түркиянын 9-президенти Сулейман Демирелдин каза болгонуна байланыштуу 18-19-июнь күндөрү Түркиянын кыргыз жериндеги элчилигинде көңүл айтуу китеби ачылды. Элчиликтен 22-июнда билдиришкендей, бул күндөрү биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, экс-президент Роза Отунбаева, тышкы иштер министринин орун басары Эринес Оторбаев, президенттик аппараттын башчысынын орун басары Мира Карыбаева элчиликке келишип, көңүл айтуу китебине кол жазмаларын калтырышты. "Башка өлкөлөрдүн элчиликтеринин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да келип кол жазма калтырышты",- деп билдирет мекеме. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан