19-июнда Анкара шаарында Түркиянын Дин иштери боюнча башкармалыгынын башчысы, профессор Мехмет Гөрмез менен ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков жолугушту. Окуу жайдан кабарлашкандай, анда 2015-2020-жылдарда ОшМУнун теология факультетинин ишмердүүлүгүн өнүктүрүү боюнча келишимге кол коюлду. Келишимге теология факультетин модернизациялоо жана билим берүүнүн сапатын көтөрүү маселелери киргизилди. Эми эки тараптуу биргелешкен көп долбоорлордун ишке ашуусу пландаштырылууда.